Москвадагы “Кыргыз Биримдиги” кыргыз диаспорасы экс-элчи Раимкул Аттокуровдон Кыргызстандын Россияга кошулуусу кайсы коомдук уюмда талкуулангандыгын суранат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюмдун төрагасы Абдыганы Шакиров билдирди.

Анын айтымында, бир дагы кыргыз уюму мындай теманы козгогон жок.

«Интервьюсунда ал Россияга кошулуу боюнча маселе жаралып, диаспора коомчулугунун ортосунда талкуу жүрүп жатат дейт. Кайсы уюм? Атайын атын атап  сүйлөсүн, антпесе бул өз оюн таңуулагандай болуп калууда. Биз жоопкерчиликтүү түрдө “Кыргыз биримдигинде” биздин мекенибизди башка өлкөгө кошуу жөнүндө маселе болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Раимкул Аттокуров Россияда жашаган кыргыздардын атынан мындай темада сүйлөөгө укугу жок деп эсептейбиз. Ал Кыргызстандын суверендүүлүгүн көбүрөөк баалашы керек ”, – дейт Абдыганы Шакиров.

Ал белгилегендей, Россиядагы Кыргызстандын мигранттары жана жергиликтүү тургундары кыргыз-орус мамилелерин чыңдоону жакташат, бирок республиканын эгемендигине доо кетирбеши керек.

«Экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн бизде беш мамлекет кирген ЕАЭБ бар. Ал эми Кыргызстандагы айрым саясий жана экономикалык кыйынчылыктарды жеңүү мүмкүн эмес. Биздин өлкө мындан да оор мезгилдерди баштан кечирди ”, – деп белгилейт Абдыганы Шакиров.

Эске салсак, Аттокуровдун айткандарын: Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат деп,  «Правда.ру» порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазып чыкты.

«Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат», — деген Аттакуров.

Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 

«Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору», — деген ал.