Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды күзгү мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу, ИИМдин ИКАКтын  Басма сөз кызматынан кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан баштап, Кыргыз Республикасы ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады.  Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон  өтүшкөн. Аларды аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышты.

Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана Кыргыз Республикасынын ИИМДин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер Мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү бөлүкчөлөргө бөлүштүрүлөт.

Быйылкы күзгү аскерге чакыруу көрсөткөндөй, жыл өткөн сайын Кыргыз Республикасынын аймагында Мекенди коргоо үчүн кызмат кылууга даяр жаштардын саны арбып баратканы, бир жагынан аскерге чакырылгандардын сапаттык көрсөткүчтөрү жакшырып баратканын айгинелесе, экинчи жагынан жаштар арасында патриоттуулук сезимдер күчөгөндүгү баарыбызды кубандырбай койбойт.