Кылмыш-кырсык

Экс-министр К.Чолпонбаев кармалды

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, ал шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

«Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button