Сиз сүйүктүү адамыңыздан ажырадыңыз, бирок өзүңүздү эркин сезүүнүн ордуна, аны аябай сагындыңыз? Башка нерсе жөнүндө ойлоно албайсыз, аны менен болгон кат алышууну кайрадан окуп чыгып, биргелешкен сүрөттөрдү карап чыгып, аны менен чогуу өткөргөн убактыңызды эске салган сүйүктүү музыкасын же чыгармаларын угуп жатасыз? Мындай учурларда эмне кылуу керек?

Жалган үмүт, элес —  өзүн-өзү алдоо, азап-кайгынын себеби болуп саналат. Жакынкы убакка чейин бакыт ушунчалык жакын эле, эми ага жетүү аракетинен баш тартуу өтө кыйын.

Ажырашуу болгондо, көпчүлүгү досторунун жана кызыкчылыктарынын чөйрөсүн кыскартып, үйгө камалышат. Жаңы стимулдар жок болгондо, мээ, албетте, өткөнгө кайтып келет, демек, өзүн күч менен сыртка чыгып сүйлөшүүгө мажбурлоо керек. Көбүрөөк жаңы стимулдар жана таасирлер — өткөн жөнүндө азыраак ойлоо кажет. Аң-сезимдүү машыгуу ойду алмаштыра алат.

Сизге көп келген бир терс ойду тандап, жазып алыңыз. Кагаздын артына, анын ордун баса турган позитивдүү ойду жазыңыз. Таймерди (мисалы, телефонуңузда) 30 секундага коюп, терс сөздөрдү карап, ойлонуп көрүңүз.

Таймердин сигналы угулганда катуу: “Токто!” деңиз. Баракчаны оодарып, таймерди 2 мүнөткө коюп, позитивдүү ойду окуп, ойлонуп, кайталап жазыңыз.

Алмаштыруучу ойлор кандай? «Мен жалгызмын» дегендин ордуна «Мени сүйгөн досторум бар» деп, «Мени бир адам таштап кетти» дегендин ордуна «Менин алдыда сүйүү жык толгон жашоом менен жолугушуум бар» деп ойлоңуз!


Терс ойлорду позитивдүү ойлор менен алмаштыруу үчүн, көнүгүүнү күн сайын 21 күн токтобой жасоо керек. Эгер сиз аны өткөрүп жиберген болсоңуз, башынан баштаңыз. Бир ойду алмаштырып, кийинки ойго өтсөңүз болот. Ошентип, биринин артынан бири, жаңы ойлор, идеялар келээрине ишенсеңиз, ар бир жаңы кадам сиз үчүн жеңилирээк болот.