Үйдүн куту болуп, үй-бүлөнүн очогун бекем кармап, кичинекей мамлекетти сактап турууда аялдын ролу чоң. Бирок көпчүлүк аялдар билинбегени менен ар кандай каталарды кетирип, үйдөгү уруштун отун тутантып жиберишет.

Алар кандай каталар экенин окуп экинчи жолу кетирбегенге аракет жасаңыз.

🔴1-ката:

Эгерде үй-бүлөдө аял лидердин же «апанын» ролунда болуп эркекке баласындай мамиле жасаса, анда эркектин ага болгон сексуалдуулугу жоголот. Анткени эркектин оюнда “апа” жана секс эки башка нерсе. “Апа” бул сүйүү үчүн, ал эми секс үчүн башка аял издешет. Аял – кыз жана апанын айкалышуусу, андыктан аялзаты дайыма назик, алсыз болуп туруусу шарт. Эркектер жанындагы аялынын алсыз болушун каалашат. Ал эми өзүн лидер же «апа» катары көрсөткөн аялдардын арты ажырашууга алып келет.

🔴2-ката:

Аялдар эркектин анын оюндагыдай болбой жатканын көп билдиришет. Алардан жоопкерчиликти күтүшөт. Ар дайым «сен жалкоосуң», «сен акча таппайсың же чечкинсизсиң» деп айта беришет. Ушундай позицияда айтылган сөздөр эркектин көңүлүнүн калышына алып келет. Негизи эркектер — жоопкерчиликти сүйбөгөн жандар, аларга «мен сага капа болдум» же «мен сага ишенем» деген жакшы сөздөрдү айтуу менен жоопкерчиликти өзүнө алдырса болот. Эркектер аялынан мактоо сөз укканды жактырышат.

🔴3-ката:

Эркекке өзүн керектүү адам катары көрсөтүү үчүн аялдар өз кызыкчылыгын курмандыкка чалышат. Мисалы, күйөөсүнүн көңүлүнө карап ал таттуусун жесин, ал жакшысын кийсин деп жүрүп өзүн унутуп коюшат. Бул нерсе башкалардын алдында жакшы көрүнгөнү менен аялдын баркы жок болуп калат. Ал үйдө чоңойгон кызда дагы “аялзаты үй-бүлөдө экинчи орунда турат” деген түшүнүк калыптанып калат.

🔴4-ката:

Табиятынан эркектер сулуу аялга сөзсүз түрдө көз кырын салышат. Эгерде аял аны кызганып урушчу болсо, өзүнө-өзү ишенбестигин гана көргөзгөн болот. Эркек өзүнө-өзү ишенген аялды атайын кызгандырыш үчүн ар нерсе кылышы ыктымал, бирок эч качан эч кимге алмаштырбайт. Эгерде эркек чындап тескери жолго баскысы келсе, аялга көрсөтпөйт, кызганганына карабай басып кетет. Ошондуктан аял эркектин башка аял менен маектешип жатканын көрсө шек санай бербеши керек. Ал эркектин кыжырын гана келтирет.

🔴5-ката:
Аял түгөйүнүн маанайы чөгүп турганын же аны менен сүйлөшкүсү келбей турганын байкаса, аны жайына коюшу керек. Эркектер аялдар сыяктуу ичиндеги көйгөйүн бирөө менен бөлүшө бергенди каалашпайт. Көп нерсени ичине катышат. Андыктан эркекке ар кандай суроолорду бере бербөө керек. Болбосо ортодо уруштун чыгуусуна алып келет.

🔴6-ката:
Көпчүлүк аялдар бакыт эмне экенин баамдашпайт. Сүйгөн адамына турмушка чыгууну канчалык кыялданып жүрүп жетишсе дагы турмуш кургандан кийин болбогон турмуштук маселелерден улам жашоосуна нааразы боло беришет. Ата-эненин эң негизги милдети — балдарына бакыт эмне экенин сездирүү. Эгерде өзүндөгү бактылуу сезимин сезип жана балдарына да көрсөтө алса, анда ал өзүн да, балдарын да бактылуу кылган болот.

🔴7-ката:
Баланы эркелетип тарбиялаганды билишпейт. Эгерде баланы эркелетип ага жакшы сөз айтып койсо, анын жаман болууга жолу жок. Ошондой эле балдар чоңойгондо сырын айтпайт деп капа болбой, баланын сезимин жашынан эске алуу керек. Эгерде кызыңыз ыйлап жатса, эч качан анын жөн эле ыйлап жаткандыгын айтпаңыз. Анын ордунда болсоңуз сиз да ыйларыңызды айтып, анын сырын тең бөлүшкөнгө үйрөтүңүз.

🔴8-ката:
Эркек кишилер аялга жакшы сөз сүйлөгөндү көп эле биле беришпейт, а жакшы сөз укпаган аял болсо өзүн керексиз сезет. Аял жакшы сөз күтүп капа болуп олтура бергенден көрө өзү үйрөтүшү керек. Мисалы, күйөөсү көйнөгү кайда экенин сураса «мага тиешелүү жакшы үч сөз айтсаң, көйнөгүң кайда экенин айтам» же «дүйнөдөгү эң даамдуу тамак жасап берем» деп айтсын. Ушундай жакшы сөздөрдү айттырганга эркекти башынан үйрөтүү керек. Кийин ал өз алдынча бул сөздөрдү колдонуп калат.

🔴9-ката:
Эмне үчүн аялдар көчөгө чыгардын алдында сааттап күзгүнүн алдында олтуруп тааныбаган элге сулуу көрүнүүнүн аракетин кылышат. Ал эми үйдө күйөөсү үчүн жасанууга убакыт табышпайт. Мунун баары аялды элдин ою кызыктырганында. Аялдарга күйөөсүнөн жакшы сөз укканча башка бирөө анын кандай сулуу экенин айткандыгы алда канча маанилүү. Бул жакшы көрүнүш эмес, муну жок кылуу керек. Аял өзүн таштабай, биринчи кезекте күйөөсүнүн алдында сулуу болушу керек. Ошондо күйөөсү башка менен алмаштырбайт.