Дубайда 21 жаштагы кыргыз жараны жумуш берүүчүнү мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул жөнүндө Gulf News жазат.

Ал өнөр жай кварталындагы гараждардын биринде иштегени такталды. Жайдын башында ал Кыргызстанга кайтып келмек, бирок менеджер анын кетүүсүнө канааттанбай, уруш чыккан.



Кыргызстандык жумуштан айдалып, жетекчиси жумуш ордунан кетүүнү талап кылган. Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал кесиптештеринин жумуштан кетишин күтүп, эшикти бекитип, шефинин тамагын кесип, андан кийин балка менен бетин талкалап салган.

Кылмышка шектүү Дубайдагы Кыргызстандын консулдугунун жанында камакка алынган. Ал атайылап киши өлтүргөн деп айыпталууда.