Бишкекте кичи автобус менен жүргүнчү ташуучу унаа сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен кичи автобус оодарылып кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

 Алардын айтымында, кырсык Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Хонда Фит  менен кагылышуудан кийин №215 кичи автобус оодарылып кетти. Жаракат алгандар бар. Маршруттук автобус Чүй проспектиси менен чоң жолдо Үмөталиев көчөсүн көздөй бара жатыптыр. Хонда Фит унаасы Калык Акиевди бойлой Киев көчөсүн  көздөй бара жаткан », — дешет күбөлөр.

Жеринде тез жардам кызматкерлери жабырлануучуларга жардам көрсөтүп жатышат.