Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОго ылайык  катталган талапкерлери кѳрсѳтүлгѳн саясий партияларга эфирдик убакыт, басылма орундарын берген же интернет – басылмаларда укук берген телерадио уюмдар, интернет-басылмалар жана мезгилдүү басма сѳз редакциялары (менчигинин түрүнѳ карабастан) ушул жободо белгиленген эсеп жүргүзүүнүн түрүнѳ жана тиртибине ылайык алардын кѳлѳмү жана баасы тууралуу ѳзүнчѳ эсеп жүргүзүүгѳ милдеттүү. 

Мындай эсептин маалыматтары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн ар бир 10 күнүндѳ жана добуш берүү күнүнѳн кийин 10 күндүк мѳѳнѳттѳ Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгѳ тийиш. 

Отчеттор тѳмѳндѳ тиркелген формалар аркылуу document@shailoo.gov.kg электрондук адресине жиберилиши керек.