Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия, журналисттердин арасында улуттук тил боюнча мыкты материалга сынак жарыялады. Бул тууралуу пресс-конференциянын учурунда комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.
Анын сөзүнө караганда сынакка «Мамлекеттик тил — мамлекеттүүлүк» деген ат менен материалдар 15 – октябрга чейин кабыл алынат. Мыкты эмгектердин авторлору байгелер менен сыйланышат.
«Мындан тышкаары, мектеп окуучуларынын арасында «Китеп — билим булагы», — деген сынак өткөрүлөт, деди Назаркул Ишекеев.
Мамлекеттик тил күнү улуттук комиссия онлайн-форматта бир нече конференция өткөрөт.
«Түркиянын, Венгриянын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн илим ишмерлеринин катышуусу менен эларалык конференция өтөт. 23-сентябрда Кыргызстандын орто мектептеринин окучларынын арасында ачык сабак өткөрүлөт», — деп кошумчалады Назаркул Ишекеев.