2020-жылдын 18-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу, ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

 Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асанов, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу, милициянын полковниги Сүйүн Ниязбеков, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов менен кеңештин мүчөлөрү катышты.

 Жыйынды саламдашуу сөзү менен ачкан кеңештин төрагасы бардык катышуучуларга кайрылып, күн тартибинде каралуучу маселелерге токтолду.

 “2020-жылдын март айынан баштап биз күн сайын ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугуп, ыктыярчылык ишмердүүлүктү уюштуруп, жеке коргонуучу каражаттар, ысык тамактар  менен камсыздап жаттык. Бул аракетибиз менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши  ички иштер органдарын колдоого өз салымыбызды коштук деп эсептейм. Пандемия көрсөткөндөй, оор иш дарыгерлерге жана милиция кызматкерлерине жүктөлдү.  Ошондуктан, статистикалык комитеттин жыйынтыгы боюнча биринчи жарым жылдыкта калктын милицияга болгон ишеним индекси жогорулады. Башкача айтканда, жарандар ички иштер органдарына болгон өздөрүнүн мамилеситн өзгөрттү”,-деп Ялкун Даутов билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ички иштер органдарынын иши жөнүндө меселелер менен Өзгөчө абал менен Өзгөчө кырдаал режими маалында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын иши талкууга алынды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын ИИОнун иши жөнүндө  ички иштер министринин орун басары Памир Асанов айтып берди. “2020-жылдын биринчи жарым жылдыгы коронавирус илдетинин күчөшү, өлкөгө өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаал режимдеринин киргизилишине байланыштуу оор мезгил болду.  Буга карабастан, ички иштер органдарынын кызматкерлери өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин камсыздоо, коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарышты. Ички иштер органдарынын бардык кызматкери күчөтүлгөн режимде иштешти”,- министрдин орун басары   баса белгиледи.

Кезек Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын милдетин убактылуу аткаруучу Сүйүн Ниязбековго келип, ал өз баяндамасы менен чыкты. “Коронавирус илдети дарыгер кесиби эң маанилүү экендигин көрсөттү. Өмүрлөрүн тобекелге салып, дарыгерлер белгисиз илдет менен күрөшүштү. Биздин дагы дарыгерлер тобу үзгүлтүксүз иштешти. Күн сайын дарыгерлер блок-постторго, обсервацияларга, комендатураларга барышып, ИИОнун кызматкерлери менен биргеликте кызмат өтөштү. Жер-жерлерде өздүк курамдын ден соолугунун абалын, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалышын, аны пайдалануусун, тамактанууларын уюштурууну, моралдык-психологиялык абалын көзөмөлдөштү.

 Азыркы учурда өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык кырдаал акырындап калыбына келип жатканы менен, алдыда күз-кыш мелгилде эпидемиянын экинчи толкуну болушу болжолдонууда. Ушуга байланыштуу, дары-дармектер менен медициналык багыттагы жабдыктар алынды. Азыркы учурда ИИМдин Бейтапканасынын карамагында жасалма дем алдыруучу аппарат, кислороддук аппарат, кычкылтек концентратору, пульсоксиметрлер бар. Ошондой эле, эпидемиянын экинчи толкуну боло бурган болсо ал учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча алгоритмдерди иштеп чыгуудабыз”,-деп Сүйүн Ниязбеков билдирди.

           Андан соң, жыйын суроо-жооп ирээтинде өттү. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү кызыккан суроолорун берип, пандемия учурунда ИИОнун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришти.