Өзбекстандын Ташкент шаарында 19 жаштагы кыз сүйлөшкөн жигитинин унаасын өрттөп салды. Себеби жигит баш кошууну убадалап, бирок сөзүнө турбай койгон. Бул тууралуу Ташкент шаарынын милициясы билдирди.

Кечээ, 19-сентябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө 23 жаштагы шаар тургунунун «Ласетти Жентра» (« Lacetti Jentra») үлгүсүндөгү унаасы өрттөлгөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө С.Г. аттуу кыз жабырлануучу менен жакын мамиледе болгону аныкталган. 23 жаштагы жигит С.Г.га никеге турууну убадалап, бирок айтканын аткарбай койгон.

Таарынган С.Г. сүйлөшкөн жигитинин жеңил унаасынын ичи-тышына күйүүчү май төгүп, өрттөп жиберген.