Акыркы сутканын ичинде Кыргызстанда дагы 3 медицина кызматкерине коронавирус жукканы аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алардын ичинен бири Бишке шаарында, экөө Ош облусунда эмгектенет.
Бир суткада ооруканадан 6 медкызматкер, үй карантинден 15 медкызматкер чыгарылган.
Пандемия башталгандан бери республика боюнча COVID-19 вирусу 3202 медицина кызматкерине жукту. Алардын ичинен 2822 адам айыккан.