21-сентябрда КТРКнын эфириндеги дебатта «Республика» партиясынан депутаттыкка талапкер, экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова партиянын программасындагы демилгелерди, анын  ичинен  6 пайыздык ипотеканы ишке ашыруу жолдору жөнүндө айтып берди.

Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө  «мамлекеттик ипотека» түшүнүгүн «Республика» партиясы биринчи болуп  киргизген жана иш жүзүндө бул идеянын экономикалык жактан пайдалуулугун далилдеген деди.

Чындыгында, мамлекеттик  ипотека  демилгесин  “Республика”  партиясы 2015-жылы көтөрүп чыккан. Убагында  буга  ишенбегендер көп болгон, бирок,  бүгүнкү күндө ишин улантып жаткан ийгиликтүү программалардын бири», — дейт Өмүрбекова.

Бул жолу “Республика” партиясы мамлекеттик ипотеканы 6 пайыздан берүү  сунушу менен чыкты. Андан тышкары, мугалим жана дарыгерлер үчүн баштапкы кирүү төлөмүн алып салууну демилгелеп жатат.

“Ипотеканын баштапкы төлөмүн алып салуу демилгеси — популисттик сунуш эмес! Мамлекет бул категориядагы жарандарды жогорку эмгек акы менен камсыз кыла албайт, ошондуктан «Республика» партиясы, жок дегенде, баштапкы төлөмдү жоюуну сунуштап жатабыз” деген Алтынай  Өмүрбекова: «Баштапкы төлөө маселеси биринчи кезекте дарыгерлерди жана мугалимдерди түйшөлтөт. Көпчүлүк үчүн  бул  сумманы  табыш  көйгөй болгондуктан,  турак-жайга жетпей жүрүшөт. Мага дарыгерлердин делегациясы келип: «Башка мамлекетте  иштеген балдарыбыз бар, алар  ай сайын акча жөнөтүп турат. Ипотека насыясын  ай сайын  жабууга  алыбыз  жетет эле,  бирок баштапкы төлөмдү дароо төлөй албайбыз » деп  кайрылышты.   

«Каржылоонун конкреттүү булактары бар, жарандарга 6% менен ипотека берүү үчүн «узак мөөнөттүү каражаттарды» тартуу  керек. Бул  реалдуу, ишке аша турган аракет! .  

Өмүрбекова белгилегендей, мамлекет социалдык турак- жайларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн  гана эмес,   дарыгерлер жана мугалимдер үчүн дагы   курушу керек. Бул  кесип ээлери  мамлекеттик  камкордукка  татыктуу.

«Биздин фракция парламентке барса, анда эң биринчиден ушул эки категориядагы кызматкерлерге турак-жайкуруу маселесин көтөрөт», — деди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту  жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык  киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто  жана кичи бизнес экономиканын негизин  түзгөндүктөн,  “Республика”  партиясынын   программасында  бул тармакка  3% насыя берүү  каралган.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163.

«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.