23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.

Кыргыз тилибиз элибиз менен бирге эчен кылымдарды карытып, турмуштун ар кандай шарттарын башынан өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин келди.

Кыргыз тилине 31 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил макамы берилген. Ошол күндөн бери Кыргызстанда 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет.

Урматтуу кыргызстандыктар, Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Эне тилибиздин баркын билип, ар бирибиз кыргызча туура сүйлөйлү!

Терең урматтоо менен ИИМдин ЖКККББнын өздүк курамы