Бишкек шаардык мэриясына 25-сентябрда «Дасмия» кафесинин администрациясы ретро стилдеги дискотека уюштурууну пландап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

«Маалымат түшөрү менен мобилдик топ аталган кафенин администратору менен байланышты. Ага кафеде санитардык нормалардын сакталышы жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу эскертүү берилди. Жыйынтыгында ретро дискотеканы өткөрбөө чечими кабыл алынды. Мэрия 25-сентябрда «Дасмия» кафесине барып жарандык коргоо боюнча комиссиянын токтомунун аткарылышын көзөмөлдөйт» , — деп жазылат маалыматта.

Мэрия эскертет! Бузуулар кодексинин 150, 293-беренелери боюнча мыйзам бузуулар бир эле тараптан эки жолу катталса, анда мыйзам боюнча иш ШИИББине өткөрүлөт.