Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЭКБнын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмчөсү ички иштер органдарында мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана жайылышы, иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча ар тараптуу иштерди аткарып келе жатат. Бул тууралуу, ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирди.

2009-жылдан тартып азыркы мезгилге чейин биздин министрликте дагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын бөлүмчө иш алып барууда. Алгач бул бөлүмчө мамлекеттик тилди өнүктүрүү тобу болуп түзүлүп курамында эки штаттык бирдик каралган. Жыл өткөн сайын ички иштер органдарында мамлекеттик тилге арналган иштер арбын экендиги эске алынып, министрликтин жетекчилигинин колдоосу менен бөлүмчө деңгээлине жеткен. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмчөсү Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын курамында иш алып барууда. Мындан сырткары, ИИМдин түзүмдүк бөлүктөрүндө дагы атайын мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында атайын штаттык бирдик ачылып, тиешелүү кызматкерлер иш жүргүзүп келет,- дейт ИИМдин Мамлекеттик тил жана редакциялоо  бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Айбек Орозакунов.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү тобу алгач түзүлгөн жылы эле ИИМдин Борбордук аппаратынын имаратында ошол мезгилдин талабына жооп берген атайын мамлекеттик тил бөлмөсү уюштурулуп ачылды. Мындай бөлмө азыркы учурда деле көптөгөн мамлекеттик мекемелерде (айрымдарын кошпогондо) жок экендигин баса белгилеп кетүүгө болот. Биздин министрликте мамлекеттик тилге арналган бардык иш-чаралар (окуу курстары, атайын жолугушуулар, конференциялар, тегерек столдор ж.б.) аталган бөлмөдө өткөрүлүп турат жана анын катышуучулары бул бөлмөнүн жасалгалары, түзүлгөн шарты тууралуу жылуу пикирлерин айтып кеткендиги көп кездешет.

Кызматкерлерден мамлекеттик тилди билүү жана иш-кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү талабын коёрдон мурда аларга шарт түзүп берүү керек экендигин эске алып, бул бөлүмчө ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасы менен биргеликте 2010-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин ИИОнун кызматкерлери үчүн “ИИОдо иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” деген аталыштагы атайын окуу курстарын өткөрүп келе жатат. Бүгүнкү күндө 200дөн ашык кызматкерлер аталган курсту ийгиликтүү аякташып, тиешелүү тастыкмаларга ээ болушкан.

Ички иштер органдарында колдонулган терминдерди бирдейлештирүү максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу терминологиялык комиссия менен тыгыз байланышта иштер жүргүзүлүп келүүдө. Күч түзүмдөрүндө колдонулган терминдерге ИИОдо колдонулган терминдерди дагы киргизип, атайын сөздүктөр, окуу-практикалык колдонмолор жарык көргөн. Муну менен катар эле, аскердик командаларды бирдейлештирүү боюнча күч түзүмдөрүнүн тилчи адистеринен турган атайын ведомство аралык жумушчу топко биздин кызматкерлер жигердүү катышып, аскердик командаларды бирдейлештирүүгө чоң салымын кошушкан. Натыйжада, бүгүнкү күндө ички иштер органдарында кыргыз тилинде берилип жаткан командалар менен терминдер бирдей үлгүгө келтирилип, бир жолго түшүп калган.  

Ички иштер органдарында колдонулган атоолорду, терминдерди, командаларды, жүргүзүлүп жаткан иш кагаздарды  бирдей тартипте колдонууну ишке ашыруу максатында республиканын аймактык ички иштер органдарына мамлекеттик тил бөлүмчөсүнүн кызматкерлери иш сапарга барып, кызматкерлер менен жеринде атайын семинарларды жана жолугушууларды өткөрүп келе жатат. Мындай иш-чаралар да өз жемишин берип жатканыдыгына күбө болуудабыз.

Ички иштер министрлиги тарабынан даярдалып жаткан ИИОнун ишмердигине багытталган ар кандай ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик тилдеги варианты дайыма бөлүмчөнүн кызматкерлери тарабынан өтөт, көпчүлүгүн бөлүмчөнүн кызматкерлери которот. Анткени ар бир ченемдик укуктук акт тиешелүү деңгээлде өзүнө коюлган талаптарга жооп берүүгө тийиш жана анда колдонулган атоолор, терминдер бирдей үлгүдө болушу шарт. Ошондуктан тилчи адистер мындай багытта да ишмердигин жүргүзүп турат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында иш алып барган мекемелер, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Республикалык “Кыргыз тили” коому, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссия менен Ички иштер министрлигинин кызматташуусун өркүндөтүү максатында мамлекеттик тил бөлүмчөсү бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жатат. Аталган мекемелер менен биздин министрлик бүгүнкү күндө тыгыз карым-катышта иш алып барууда десем жаңылышпайм, -деди ИИМдин мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Айбек Орозакунов.

Жыл сайын 21-февраль – Эл аралык эне тилди коргоо күнүнө жана 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата ички иштер органдарынын түзүмдүк бөлүктөрүндө илимий жана салтанаттуу иш-чараларды жетекчиликтин катышуусу менен дайыма өткөрүп туруу салтка айланып калган.

Жогоруда баяндалган иш-чаралар – булар урунттуу учурлары гана, мындан сырткары дагы мамлекеттик тилге, тил маселесине арналган ар кандай маселелерге мамлекеттик тил бөлүмчөсү жигердүү катышып келген жана да катыша бермекчи.

Алдыда 23-сентябрь – “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынгандыгына 31 жыл толду. Бул маанилүү күндү утурлай ИИМдин ар кайсы бөлүктөрүндө атайын иш-чараларды өткөрүү толук колго алынган.

Бардыгыңыздарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын ниеттен куттуктайбыз жана тилибиздин мындан ары да өсүп-өнүгүүсү үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошууга чакырабыз.