Реформалар  керек, аны эч ким талашпайт. Бирок, биринчи кезекте, БӨУдын өзүн — Кыргызстандагы бөлүгүн реформалоо керек.

Анткени, дээрлик 30 жылдан бери карасартовалык, ошурахуновалык, абдирасуловалык грант жегич чуулгандуу жүздөр биздин өлкөнү «коррупционер жана алардын курмандыктары чогулган калдык сактоочу жай» катары көрсөтүп, ал эми өздөрү болсо ошол эле учурда миллиондогон гранттарды алуу үчүн көз карандысыз мамлекетти жасалма түрдө бүтүндөй каралоо жолу менен донорлорду «тоноп» келе жатышат.

Азыр Клара Сооронкулова, Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Гүлгакы Маматалиева өңдүү бейөкмөт уюмдардын эң чуулгандуу аялдары өлкөнүн саясий турмушуна ачыктан-ачык таасир этип, “Реформа” деген аты жакшы партияны түзүштү.

Башкача айтканда, бул адамдар алгач тандалган функционалдык милдетин таштап, жалаң гана «адам укугун коргоочу» катары иштегенге өтүштү, башкача айтканда, саясаттан тышкары болуу тагдырына туш болгондор, а бирок көрүнүп тургандай, алар саясий оюндарга азгырылып кетишти.

Алар кандай диверсиялык пландарды түзөөрү жалпыга маалым. Алар табигый ресурстарды Батыш капиталисттери тарабынан толук көзөмөлдөө аркылуу бул жерде «экинчи Жакынкы Чыгышты» уюштурууну каалап турушат.

Партиянын өзү бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына кошулуу максатында эмес, массалык нааразычылыктарды  жаратуу жана нааразычылык акцияларын күчөтүү максатында түзүлгөн.

Алгач, программанын алкагында «минималдуу» түрдө батыш донорлорунан Кыргыз Республикасындагы кландык көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн акча талап кылуу жөнүндө сөздөр болгон, эми болсо алдыда радикалдуу милдет коюлуп жатат — өлкөнү батыш империализминин милитаристтик күчтөрүнүн аскердик полигонуна айландыруу.

Азырынча, кыска мөөнөттүн ичинде, шайлоодо жеңилип калуу менен «реформаторлор» катуу каршылыктарды уюштурууга, көчөлөргө плакаттар менен чыгууга аракет жасашат жана ушул жол менен президенттик шайлоого чейин «коррупцияга каршы күрөш» шылтоосунун аркасында долбоорлорду баштаган эл аралык донор институттарынын ири гранттарын «сорушат».

Эл табиятынан ишенчээк, жана бул ишеними менен  студенттерден пара алгандыгын өзү берген маегинде белгилеген Клара Сооронкуловага дагы да ишенип турушат. Бүгүнкү күндө бул аял өз партиясындагы орундарды соодалашып, депутаттыкка талапкер болгондордон  акча чогултуп жүрөт …

Дегеле, Сооронкулова эмне иш кылып жатат  — бул айым акчага келгенде абдан ач көз, бул үрөй учурган нерсе. Ооба ал дагы деле коркунучтуу оюнду ойноп жатат.

Ал айым ары-бери басып, кыргыз олигархтары менен кол алышып иштеп жатат жана ошону менен катар эле батыштын ишенчээк жана колу ачык донорлорун – демократтарды саап жатат.

Кыскасы, анын партиясын башкача атоого туура келет, мисалы, «Саткын реформа» деп?!

Булак: «Тезкабар» сайтынан кыргызчаланды