Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы»БАХУС» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Бул тууралуу, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекеме 1986-жылдан бери айыл чарба продукцияларын кайра иштетип келет. Негизинен жүзүмдү кайра иштеткен ишканада, азыркы учурда 60 тонна коняк спирти жана вино продукциялар сатууга даяр. Бирок инвесторлордун жоктугунан, акыркы жылдары ишкананын иши солгундап кеткен.

Ошондуктан ишкананын толук кандуу иштеп кетүүсү үчүн, багытын өзгөртүү максатында, инвестициялык долбоор түзүлүп, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы “Кыргыз Шампан” ишканасы менен макулдашуулар болууда. Учурда аталган мекемеге жергиликтүү бийлик тарабынан бизнес план даярдоо, насыя алуу боюнча колдоолор көрсөтүлүүдө.

Бул иш аракеттер ишке ашса, ишкананын базасында, жүзүмдү кайра иштетүүдөн сырткары, пахта чигитинен май чыгаруу, бодо малдарды бордоп багуучу ферма уюштуруу менен, эт комбинатын, колбаса цехин ачуу пландалууда. Азырынча ишканада сезондук мезгилде 20дай адам жумуш менен камсыз болууда.

Белгилей кетсек Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында 1302 га жүзүм бактан, жылына 32815 тонна жүзүм өндүрүлөт.

Ыйгарым укуктуу өкүл ишкананы жандантуу үчүн жеңилдетилген насыя алуу, сырье менен камсыздоо, өндүрүлгөн продукцияга кардар табуу боюнча мүмкүнчүлүктөр каралып жатканын билдирди.

Ишкана толук кандуу иштеп баштаса, жергиликтүү калк жумуш орду менен камсыз болуп, жергиликтүү бюджет үчүн киреше булактары пайда болот.