Буга чейин калың элге эшек этин коомдук тамактануучу жайларга таратылып жатканын ачыктаган журналист Мээрим Бакир кызы учурда «Биримдик» партиясы менен шайлоого бара жатканын ачыктады. Бул тууралуу журналист Баяна Кулова билдирди.

«Мээрим Бакир кызы…Бул ысым ар бир Кыргызстандыктын жүрөгүнө жакын. КТРден олуттуу темаларды көтөрүп, дайыма элге жакын болуп иштеди. Мээримдин мээримдүү жүзү элдин эсинде дайыма бар. Негизи элдин эсинде элге жакын же чыр журналисттер гана калат. Элге жакындык жагынан Мээрим баарыбыздан алдыда турат. Аны жашыра албайбыз.Кесиптешимдин «Биримдик» партиясы менен шайлоого бара жатканын көрүп билип кубанып жүрөм. Парламентке барса дагы ушул карапайымдыгы менен жөнөкөй шайлоочулардын көйгөйүн көтөрүп иштейт. Көйнөгүн көрсөтүүгө келген башка аялдардан айрымаланып журналисттер дайыма алдыда жүрөт эмеспи.Мээримди, тагыраагы Биримдикти колдойлу…»,-деп жазат Баяна.