ИИМдин КМКнын  ыкчам кызматкерлери тарабынан ишкерге каракчылык менен кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу, ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 30-январь күнү  болжол менен 21.00 чамасында белгисиз азиат түспөлүндөгү  эки адам, Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен, Д.Ш. аттуу жеке ишкерге кол салышкан. Кылмышкерлер   белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, ага күч колдонуп  өзүнүн автоунаасына отургузуп, Бишкек  шаарынын    эски аэропортко  алып  барышкан. Жабырлануучуну бир күн кечке мыйзамсыз эркиндигинен  ажыратып,  тапанча менен коркутушуп,  500 долларын жана 12000 сомун алып кетишкен.

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнүн   КЖБРне   катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ушул жылдын февраль айында прокуратура мындан ары иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берип, аталган кылмыш иши  Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-бернесинин 1,2,3, бөлүмдөрү  менен (курал-жарак колдонулуп, бир нече кишинин катышуусундагы каракчылык)  иликтене баштаган.

Кыргыз Республикасынын ИИМ КМКнын Үчүнчү Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматынын тапшырмасынын негизинде шүктүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө киришкен.  Аталган факты  тыкыр иликтөөгө алынып, натыйжада   шектүү катары катары Бишкек шаарынан 1995-жылы туулган  Талас облусунун жашоочусу А.Д. кармалды, ал мурда соттолгон.  КМКнын маалыматы боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат.  Учурда кармалган жаран  Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Кыргыз Республикасынын  ЖПКнын   98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнин УКЖ киргизилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.