Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдиргендей, 24-сентябрда шайлоо бюллетендери аймактарга жиберилди. Анын алдында «Учкун» ачык акционердик коомунун имаратында даяр болгон шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруу боюнча актыга кол коюлду.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень, Ош облусуна– 682673, Баткен облусуна – 284300, Нарын облусуна – 176203, Ысык-Көл облусуна – 290766, Талас облусуна – 149008, Чүй облусуна – 586669 бюллетень жиберилди.

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата жалпысынан 3 523 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды.

«Учкун» ишканасында бюллетендерди басуу жараянына күнү-түнү атайын жумушчу топ мониторинг жүргүзгөнү кабарланды.