Кыргызстанда сутка ичинде 166 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 38, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда — 21, Ош облусунда – 43, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Баткен облусунда – 31 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 619га жетти.