Бүгүнкү күндө саясий партиялар үгүт иштерин активдүү жүргүзүүдө, көпчүлүк учурларда санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталбай жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. 

Анын айтымында, алар штабдарга барып, алдын ала эскертүү иштерин жүргүзүшкөн. 

«Тартипти сактабагандарга айып салынат. Үгүт иштери учурунда 1-2 миң адамды чогултуп, алар бет кап тагынбай, аралыкта сактабаганын социалдык тармактардагы сүрөттөрдөн көрүп жатабыз. Биз эскертүү берип, аларга айып салабыз», — деди Үсөнбаев.