«Кулунду» чек ара тозотунун башчысы пара менен кармалды. Аны Коорупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармаганын УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 29-сентябрда билдирди.

Капитан Ж.у.Н. (1992-жылы туулган) коңшу өлкөдөн аткезчилик жүктү расмий эмес тосмодон өткөрүүгө байланышкан иш боюнча акча сунуштаган. Ал 40 миң сом пара берилип жаткан учурда кармалды.

Учурда Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизону Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен козгогон иш тергелип жатат.