Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тартип жана тазалыкты, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Шаар тургундарынан Ю.Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак каралбай, таштандыга толуп кеткендиги боюнча көп кайрылуулар келип түшкөн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

СЭИ кызматкерлери тарабынан сейил бактын айланасы таштандыга толгону аныкталып, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бузууларды четтеттүү үчүн эскертүү берилген, бирок коомдук жай тазаланган эмес.

Буга байланыштуу, министрликке «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293 беренеси боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч, санитардык эрежелерди сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма байланышта: 558 588 840.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.