Социалдык тармактарда тараган видео боюнча маалымат.

2020-жылдын 25-сентябрь күнү саат 20.00 чамасында Кызыл-кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү  “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү  08 KG 861 AAN мамлекеттик номурлуу унаа койдуруп кетип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факты  Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-берене (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу ) менен 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча  катталып,  сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда  автоунаанын ээсинин өздүгү такталды. Аны кармоо боюнча тиешелүү  иш-чаралар  жүрүп жатат.

Ал эми окуя болгон жерден жараат алган 28 жаштагы жаран   жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн. Ал Кадамжай районунун 1992-жылы туулган М.А. экендиги аныкталды. Жараат алган жаранга тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

https://www.youtube.com/watch?v=VfVgj1Mvv1g&feature=youtu.be

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы