Ош облусунун Өзгөн районунда «Республика» партиясынын өкүлү Замир Ормон уулу бычакталып каза болду.  Ош ОИИБинен Ормон уулунун өлүмүнө шайлоонун тиешеси жок деп билдиришти.

Партиянын тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, аны бычактап кетишкен. Ошондой эле, саясий бирикме бул окуяны укук коргоо органдары «үй-бүлөлүк чыр-чатак» деп тийиштүү деңгээлде иликтебей коюшу ыктымал деп чочулап жатышат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдиргендей, окуя 29-сентябрда кечки 10:00 чамасында болгон.

Эки киши пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, алардын бири учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жеткирилгенден кийин көп узабай каза болгон.

Социалдык тармактарда жаңжал эки партиянын өкүлүнүн ортосунда чыккан деп жазышууда. Бирок «Республика» партиясынын расмий билдирүүсүндө маркум кайсы бир партиянын үгүттөөчүсү менен чатакташа кеткени тууралуу сөз болгон эмес.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабы 30-сентябрда болгон окуяга алардын тарапташтарынын тиешеси жок дешүүдө.
«Адам өлтүрүү болгон күндө дагы, биздин партиянын өкүлдөрүнүн же үгүтчүлөрүнүн буга тиешеси жок. Чындап эле ошондой болсо биз шайлоодон четтетилмекпиз», — деп партиянын штабынан билдиришти.