Борбор калаада автоунаалардын абага бөлүп чыгарып жаткан зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

Бишкекте автоунаалардын абага бөлүп чыгарып жаткан зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүп жатат.

Иш-чара шаардын экологиялык абалын жакшыртуу планынын алкагында жүргүзүлүп жатат. Адистер «шектүү» автолор бөлүп чыгарып жаткан газдын көлөмүн эсептөө үчүн атайын аппаратты колдонууда.

Ведомстводон билдиришкендей, көпчүлүк автоунааларда зыяндуу заттарды тосуп калуучу катализатордук система жок болуп чыкты.

Белгилей кетсек,  өткөн кышта абаны башкалардан көбүрөөк булгаган айдоочуларга 1000 сом өлчөмүндө айып салынып турган.

Госэкотехинспекция в Бишкеке провела рейд по уровню выброса вредных веществ в атмосферу машинами