Бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо башталды. Мындан улам өкмөттүн ишенимдүү номери дагы ишке киришти. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

«Бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнү, өлкөдө жана дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясына байланышкан кырдаал орун алып жатканда, бардык шайлоочуларды эпидемиологиялык абалды начарлантпашы үчүн социалдык аралыкты жана беткап тагынуу тартибин сактоого чакырам», — вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.

Шайлоо участкаларында санитардык талаптарды бузуу учурунда, ошондой эле техникалык-уюштуруу көйгөйлөр боюнча кайрылуу жана даттанууларды кабыл алуу боюнча колл-борбор саат 8ден 20га чейин иштейт:

☎ 0-312-662858;
☎ 0-312-625119
☎ 0-312-662851
☎ 0-312-961454
☎ 0-312-960311;
☎ факс: 0-312-666197.