Бүгүн 4-октябрда Кыргыз Республикасынын жарандары  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышууда.Нарын облусунун аймагында жалпы 171 шайлоо участогу иш алып барып жатышат.Шайлоо убагында жарандардын коопсуздугуна,  мыйзамдуулуктун сакталышына, коомдук тартипке көзөмөлдөө жүргүзүү жана мыйзамсыз  иштерге  ыкчам иш-чараларды көрүү максатында Нарын облусунун милиция кызматкерлери санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Ошондой эле, коронавирус илдетин алдын алуу үчүн жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежесин жана аралыкты сактоо менен добуш берүү үчүн бет кап, кол кап кийип кирүүнү эскертишүүдө. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы