“Салам, Нью-Йорк” тасмасы менен таанымал болгон актер Бектемир Мамаюсупов өзүнүн бюллетенин сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу видео Twitter микроблогуна жарыяланды.

Байкоочу шайлоочу кантип сүрөткө тартып алгандыгын байкап калган. Актер сүрөттү өчүрүп салам дегенине карабастан, участкалык шайлоо участкасынын төрагасы ага карата акт түздү.

Белгилей ктесек, бюллетенди сүрөткө тартууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бул административдик жазага тартылып, 100 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салынат (10 миң сом). Мындай учурда шайлоочу добуш берүү укугунан ажыратылат.

Булак: NazarNews.kg