Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоодо каза болгон адамдын атынан добуш берилгени тууралуу маалыматка жооп берди.

Анын айтымында, маалыматты социалдык тармактардан көрүшкөн. Аны тиешелүү жумушчу топ тактап жатат.

Алдын ала маалыматка караганда, сөз бир жума мурун көз жумган адам жөнүндө болууда.

Бекматов шайлоого чейин 15 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмеси өзгөртүлбөй турганын, ошондуктан маркумдун аты-жөнү шайлоочулардын тизмесинде калып калышы мүмкүн экенин айтты.

Ал маркумдун атынан добуш берилгени азырынча ушак экенин, аталган факт иликтенгенден кийин толук маалымат берилерин убадалады.