Бишкектик окуучулар мектепке барбай турган болушту. Ал эми аймактарда окуу салттуу түрдө улантылат


Бишкектин мектептери 6-октябрдан баштап 2-6-класстарды кабыл албай турган болду. Балдар мурдагыдай эле аралыктан окуусун улантат. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Мира Курманова билдирген.

Анын айтымында, буга эпидемиологиялык абал себепкер.

“Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунда мектепте окутууну баштоо же кое туруу маселеси жергиликтүү санитардык-көзөмөлдөө борбору менен макулдашылсын деп жазылган. Биз абалды карап туруп, мектепте окутууга уруксат берген жокпуз. Анткени коронавирус көбөйүп келе жатат. Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар күч алууда. Анын үстүнө мектептерге жылуулук бериле элек, балдар ооруп калат. Мындан ташкары, балдарды 1-класстардай кылып бөлүп окутуу абдан татаал. 2-класста эле бир мектепте 4-5тен класс бар. Ар биринде 40-50 бала. Экинчи чейректе абалды байкайбыз”, — деди Курманова.

Ал эми 1-класстар мектепте окуусун улантары айтылды.

Анткен менен эртеңден тарта Кыргызстандын башка аймактарында эпидемиологиялык абалга карабай, 2-6-класстын окуучулары мектепте окуй баштарын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Министрликтин буйругу өлкө аймагындагы бардык мектептерге тиешелүү. 6-класска чейин бардык санитардык нормаларды сактоо менен мектептерде билим ала башташат”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, социалдык тармактар аркылуу ата-энелер эпидемиологиялык абалдын курчуп бара жатканынан улам балдардын мектепке окуусуна тынчсызданып жатканын жазууда.

Ал эми өлкө боюнча  бүгүн 207 кишиден коронавирус аныкталды.Илдет акыркы апталарда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында өзгөчө күч алып бара жатат.

Эске салсак, буга чейин, 6-октябрдан тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй турганы айтылган.