2-6-класстарды кадимки тартипте окутууну кайра баштоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мектептерге санитардык-гигиеналык талаптар иштелип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

«Мында, тийиштүү шарттарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, оффлайн режимде физика-математикалык сабактарды гана өткөрүү сунушталат, ал эми гуманитардык багыттагы сабактар аралыктан окутуу формасында улантылат», — Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Ал, ошондой эле сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйгөн кезде, окуу жайларында температуралык тартипти сактоо зарылдыгын белгиледи. Эгерде талап сакталбаса, салттуу түрдө окутуу процесси башталбашы керек.