Талас шаарында Медетбеков атындагы драма театрынын
алдында нааразычылык акциясы башталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалыматка караганда,
аянтка «Республика», «Бир-Бол», «Ата-Мекен»,
«Чоң-Казат» партияларынын өкүлдөрү келишкен. Акцияга 500дөй адам
катышууда.
Аталган партиялар 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришүүдө. Бул боюнча резолюция кабыл алышмай болду.