Өкмөт аппаратынын кызматкерлери жумуш ордуна үч сааттан бери кире албай жатышат. Бул туурасында кызматкерлер өздөрү билдирди.

Ал арада Өкмөт үйү митингчилер тарабынан басып алынганы айтылууда.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан. Ошондой эле аймактарда дагы митингдер уланууда.