Бүгүн, 7-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берди.

Анда ал, «Азыр кызмат бөлө турган убак эмес, суранам мага жолтоо болбосоңор урматтуу журналисттер, жаштар жана саясатчылар. Келгиле чогуу иштейли, кимиси кайсы кызматты сүйрөп кетсе берейин. Мисалы, Т.Токтогазиевге Айыл чарба министр кызматын берейин. Эльвира Сурабалдиева, Эркин Рыскулбековго жана башкасына…»,-деди.

Журналистер тарабынан коммандаңызда ким бар деген суроого ал, жалгыз экенин, таңдан бери жалгыз иштегинин, ар кимге комада берип алар иштеп жатканын айтты.Ал эми президент С.Жээнбеков менен жолуктуңузбу деген суроого. Жолуга электигин, эгер чакырса жолугуп сүйлөшүүго макул экенин билдирди.