КоомСаясат

Жээнбеков: Президент катары талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет билдирем

Президент Сооронбай Жээнбеков саясий диалогго даярдыгы тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

«Азыркыга чейин кырдаалды жөнгө салууну сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтчаны тараптардын эч кимиси сунуштай элек

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим,

Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкө азыркы саясий туңгуюкка кептелгенине мына 3 күн болду.

Бардык кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп турат.

Ушул кырдаалдын чечилишин талап кылып жатканыңарды толук түшүнөм.

Президент катары ушул абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетимди жумшап жатам.

Ушул максатта ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам.

Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу үчүн менден, Президент катары талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет бидирем.

Бирок, кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек.

Азыркы учурдагы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл.

Ал үчүн, сиздер билгендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына кол коюшум үчүн парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши керек.

Азыр пайда болгон саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл.

Урматтуу мекендештерим, сиздердин сабырдуулугуңуздарга таазим этем. Ошону менен катар саясий күчтөрдөн конкреттүү иштиктүү кадамдарды күтөм.

Жараткан өзү жар болуп, элибиз аман, жерибиз тынч болсун»,-деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button