Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир ай ичинде белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтуусунда кайра шайлоого 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партиялар катыштырылбайт:

«Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга кайсы партиялар себепкер болгону БШК тарабынан иликтенет. Ыктыярчылар менен чогуу соцтармактарга жарыяланган шайлоо күнү болгон бардык мыйзам бузуулар тууралуу фактыларды чогулттук. Андан тышкары БШКга түшкөн арыздар бар. ИИМге, Башкы прокуратурага түшкөн даттануулар бар. Ошолордун ар бири каралышы керек. Карап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партияларды аныктайбыз. Бул партияларга шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбейт».