Жалал-Абад областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү «Бакыт» борборунда 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнөн билдиришти.

Даярдык иштери соңуна чыгуу алдында турган жайга бүгүн облус башчысы Нурболот Мирзахмедов барып, түзүлгөн шарттары менен таанышты.

Коронавируска кабылгандардын саны күн сайын өсүп жаткандыктан, орундардын жетишсиздик маселесин болтурбоо үчүн буга чейин кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү даярдалып баштаган.

Эскирген шарты жок имаратты калыбына келтирүүгө өкүлдүн резервдик фондунан 650 миң сом бөлүнгөн. Ага мекеме оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Өкмөт тарабынан камсыздалган 1 миллион сомдон ашуун каражатка медициналык жана ички жабдыктары сатылып алынган.

Облус жетекчиси жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кырдаал улам оорлоп жаткан убакытта жумуштарды тез аранын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди.