Өлкө аймагында 275 жарандан коронавирус аныкталды

Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 456 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, стационарда 1 миң 456 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 533 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 9-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 275 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 617ни түзөт. Алардын ичинен 44 миң 97 киши айыгып чыкты, 1 миң 77 адам каза болду.