ИИОнун ардагерлерин жана ИИМдин өздүк курамы: «Октябрь күндөрү өлкөдө курч саясий кырдаал орун алды. ИИМ жана башка күч түзүмдөр саясаттан тышкары болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды чечиши керек.

Биз саясаттан тышкарыбыз жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын колдобойбуз, биз саясаттан тышкары турган мамлекеттик күч органыбыз. Биздин негизги максат — мамлекеттин коопсуздугун сактоо. Биз криминогендик кырдаалды начарлатууга жол бербей, республикада ар кандай саясий күчтөрдүн таасир берүү аракетине, туруксуздаштыруу жана мамлекеттик бийлик органдарын алсыздантуу аракеттерине катуу бөгөт коюшубуз керек. ИИМдин өздүк курамы жана ИИОнун ардагерлери биригип, өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууну көздөшүүдө», — деп билдирүү жасашты. Ушуга байланыштуу ИИМдин өздүк курамы Курсан Асанов ИИМдин имаратынан чыгып кетти.

ИИМдин басма кызматы