Бишкектеги массалык башаламандык уюштуруу фактысы менен Фарид Ниязов дагы кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

“Массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча 10-октябрь күнү УКМК менен ИИМ ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүп Фарид Ниязовду кармады”, — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин УКМК массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш  айылынан кармаган.