Меербек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Ала-Тоо аянтындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (Массалык баш аламандык) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү  тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан  Меербек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды. Азыркы учурда алар ИИМдин Тергөө кызматында.