Чүй облусунун Кемин районунун жаштары 6-октябрда Ак үйдөгү курал-жарак сакталган бөлмөгө эч кимди жолотпой, 5 күн кайтарышты.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, 6-октябрда Ак үйдү басып алган жаштардын айрымдары курал-жарак сакталган бөлмөнүн эшигин тешип кирүүгө аракет кылышкан. Бирок, Кемин районунан элдик кошуунга жардам бергени келген жаштар аларга курал-жаракты талатпай алып калышкан. Бул маалыматты Кемин шаардык кеӊешинин төрагасы Кубат Мамыров тастыктады. Ал дагы ошол курал-жарак сакталган бөлмөнү кайтаргандардын башында турган.

«Маалымат туура. Биз Ак үйдү талкалабагыла, эч нерсесине тийбегиле деп, ар бирине айтып жаттык. Бирок, андай кымгуут маалда биринин сөзүн бири укпай калат экен. Ошол маалда биз эмнегедир бир бөлмөнүн эшигин белгисиз жаш балдар талкалап жатканын көрүп токтотуп калдык. Көрсө ал бөлмөдө бир жүк ташуучу унаага толо турган курал-жарак бар экен. Биз талкалап жаткан жаш балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кайтарууну колго алдык. Ошентип 5 күн бою кайтарып, кечээ гана тиешелүү органдарга тапшырып бердик. Ошол 5 күндүн ичинде бирөөлөр келип 50 миӊ доллар сунуштап, «балдарды алып кет, курал-жаракты бизге бер» дегендер болду. Анан дагы айрым партиялардын өкүлдөрү, кандайдыр бир күчтөр да келип, бизди коркуткан сыяктуу сөздөрүн айтып, ар кандай айла-амал менен куралдарга ээ болууну көздөштү. Биз бирин дагы жакын жолоткон жокпуз. Элдин арасында мас абалындагы кишилер да жүрдү. Эми элестетиӊиз, эгер курал элге тарап кеткенде эмне болмок?», — деди ал.

Булак: Турмуш кж