Кыргызстандагы акыркы окуяларга байланыштуу Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал жарыялоо боюнча президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кол койгон жарлыктын мөөнөтү бүгүн соңуна чыгат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев (ошол кездеги төрага) парламент үч күндүн ичинде кворум чогултуп, өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитип бербесе ал автоматтык түрдө күчүн жоготорун айткан

Бул бүгүн саат 17.00гө чейин парламент жарлык бекитилбесе, ӨА режими токтотулат дегенди түшүндүрөт.

Жогоку Кеңеш депутаттарынын 10-октябрагы кезексиз жыйынынын күн тартибине аталган маселе киргизилген. Бирок кийин бул ал каралбасы белгилүү болгон.