Акыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Талас облусунда 1 адам каза болду.

Белгилей кетсек, 12-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 298 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 528ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 522 киши айыгып чыкты, 1 миң 90 адам каза болду.