Коом

Максатбек ажы Токтомушев жардар болгон бейтаптардан кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Азирети Муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов менен биргеликте Бишкектеги митингде жарадар болуп, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды.

Алгач Азирети Муфтий дарыгерлер менен жолугушуп, жараат алган жаш уландардын ал абалын сурады. Муну менен катар жума күнүнүн урматына ооруп жаткан бейтаптардын эртерээк сакайып кетишин, элибиздин амандыгын, биримдигин, мамлекетибиздин тынчтыгын Жараткан Алла Тааладан сурап дуба кыла турганын баса белгиледи.

Дарыгерлердин айтымында, госпиталда учурда 4 бейтап дарыланып жатат.

«Алгач 14 бейтапты бизге алып келишкен. Алардын ичинен төртөөнүн абалы оор болгондуктан бул жака жаткырылып, калгандары өздөрүн жакшы сезгендиктен улам үйлөрүнө чыгып кетишти. Бейтаптарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, абалдары жакшы»,-деп билдиришти дарыгерлер.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button