Азыр Кыргызстанда саясый кырдаал  «ит жыгылыш» болуп турат. Акыйкатчылыкты талап кылган жаш жигиттердин талабы унутулуп баратат. Биз азыр эч бир саясый күчтөргө тартпай Кыргызстандын мамлекет катары сакталып калуусун гана ойлосок туура болот.

Каалайбызбы, каалабайбызбы, жагабы, жакпайбы, бизде азыр легитимдүү жана дүйнөлүк коомчулук тааныган бир гана бийлик бар. Ал — президент Жээнбеков.

Бийликке келген башкалардын  баары легитимдиги жетишсиз болуп, чырды күчөтө берет.

Ошон үчүн президент жашынып отура бербей, ачыкка чыгып  бийликти колуна алса.  Региондордогу, жер-жерлердеги бийликти турукташтырып, талап-тоноо, басып алууларды токтотсо.  Кете турган парламентке техникалык өкмөт бекиттирип алып, срогу бүткөн парламентти самороспуск менен эс алууга жиберсе. Абалды турукташтыруучу жана экономикалык калыбына келтирүү  иштерди башташса жакшы болот. Президент Жээнбеков эми меники-сеники, бийлик-оппозиция, жердеш-башка дебей калыс мамиле кылса. Саясый соттолгон жана соттолуп жаткандарга бошоно турган шарт түзүп, же ырайым берсе. Чырдын негизи Матраимовдордон чыкты. Матраимовдордон ажырашса, алардын партиясы сот аркалуу жабылса, өздөрүнүн иши калыс териштирилсе..

Мүмкүн ушул нерселер президентке дагы 3 жыл тынч иштеп бергенге шарт түзүп, эл да тынч жашаганга  мүмкүнчүлүк алат  эле…