Шайлоонун жыйынтыгын шылтоо кылып, бирок кан төгүү жолу менен бийликти басып алууга ниеттенип, жаштарды аянтка баштап барган Жанар Акаев менен Тилек Токтогазиев дагы деле эркиндикте жүрөт. Алар, талкаланган Акүй, каза болгон 19 жаштагы бала, өртөлгөн унаалар, талап-тоноого кабылган имараттардын чыгымына мойну менен жоопкер.

Массаны шайлоонун жыйынтыгы үчүн деп чогултуп, кийин радикал жолду тандашкан. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин күтпөй эле чабуулга өткөн. Жыйынтыгында эмне болду? Кыргызстан эбегейсиз чоӊ сумма зыянга учурады. Булар бир туруп Жанар Акаевди Премьер кылабыз, бир туруп Токтогазиевди алып чыгабыз деп оюн салышты. Түрмөдөн качып кеткен кылмышкерлер жана Өмүрбек Бабанов баштаган топ менен биригип алышып, аянтка чогулган элди кууп, тазалайбыз, талкалайбыз деген аракеттерди көрүштү. Алардын аракети менен көп кан төгүлүп, жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу бар болчу. Бактыга жараша Жанар Акаев, Алмазбек Атамбаев, Тилек Токтогазиев, Өмүрбек Бабанов баштаган топту элдер кууп салышты. Барынан кызыгы, Тилек Токтогазиев эсин жоготумуш болуп, эркелеп, балдарга көтөртүп алып кетип жатканын байкасаӊар керек? Кийин элден алыстаганда, тура калып өзү чуркап качканын айтып, элдер күлүп жатышат.  Азыр догурунуп башын таӊып алып, күндө Улан Үсөйүн деген дагы бир бузуку досу менен түз эфирге чыгып жатат. Кыргызстан укуктук талаадан чыгып, оор жоготууга учурагандыгынын негизги күнөөкөрү ушул жаштар. Булар жазасын алып, баа берилбесе, анда адилетсиздик болот. Мисалы, Темирлан Султанбеков баш аламандык уюштурду деп камакка алынды, Тилек менен Жанардын күнөөсү аныкынан көп эсе жогору. Укук коргоо органдары качан укуктук баа бересиӊер?